21 октябрь

Корея Республикасынын Колдоосу менен TB Alliance Дарыга туруктуу кургак учукту (TB) жакшыртылган дарылоонун кабыл алынышын жана таралышын кеңейтүү Демилгесин жарыялайт

 

LIFT-TB дарыга туруктуу TB үчүн дарылоону аяктоону көбөйтүү, 5 TB учурунун 1ин көтөргөн жети Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөсү көңүлдүн очогунда

PRETORIA (21-октябрь, 2020)—TB Alliance кургак учукту (TB) дарылоонун жакшыртылган схемаларын кабыл алуу жана таралышын кеңейтүү демилгесин жарыялады. LIFT-TB (Leveraging Innovation for Faster Treatment of Tuberculosis - Кургак учукту батыраак дарылоо үчүн инновацияны урунуу) деп белгилүү болгон бул демилге Түштүк-Чыгыш жана Борбор Азия чөлкөмдөрүндө, атап айтканда Индонезия, Мянмар, Филиппиндер, Вьетнам, Кыргызстан, Украина жана Өзбекстанда, TB бул түрүнөн эң көп жапа чеккен айрым өлкөлөрдө TB дарыга туруктуу түрлөрүн дарылоону көбөйтүүнү да көздөйт.

“Жакында айрым TB дарыга туруктуу түрлөрүнө каршы күрөштө эбегейсиз түрткүгө күбө болдук” - дейт SVP Market Access at TB Alliance Базарга Жетки боюнча Улук Вице-Президенти Сандип Жунжа. “Эми биз жаңы TB дарылоо схемалары аларга эң муктаж болгондорго кеңири жеткиликтүү болушун камсыз кылуу менен өзгөрүү киргизүүгө аттанып турабыз.”

Беш жылдык долбоор TB Alliance жана Корея Республикасынын Global Disease Eradication Fund (Глобалдык Ооруну Жок кылуу Фонду, GDEF) аркылуу жети бута өлкө ичинде 11 млн АКШ долларына жакын биргелешкен бөлүшүн билдирет. Бул долбоор TB дарылоонун жакшыртылган схемаларын кабыл алуу жана таралышына түрткү берүүгө техникалык жардам берүү жана дарыга туруктуу кургак учуктун саламаттык сактоо системдерине жана эпидемиологиялык түйшүгүн азайтуу аркылуу TB бейтаптарынын, алардын үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын өмүрүн жана жашоо шартын сактоону көздөйт. Башка максаттардын арасында долбоор учурдагы БДССУ сунуштарына ылайык катышуучу өлкөлөр пландаган алты айлык, оо аркылуу гана, үч дарылык BPaL схемасы үчүн операциялык изилдөөлөрдү эрте баштоону колдомокчу.

Долбоор TB Alliance-тын бул долбоор боюнча башкы шериги, Кореяда жайгашкан Эл аралык Кургак учукту Изилдөө Борбору (International Tuberculosis Research Center, ITRC) менен бирге ишке ашырылмакчы. Бул долбоор KNCV Кургак учук Фонду кошулган башка эл аралык жана улуттук техникалык өнөктөрдүн техникалык жардамына таянат.

“ITRC дарыга туруктуу бактерияларды бат жана так аныктоо үчүн дарт аныктоо технологияларын иштеп чыгуу, жакшыртуу жана жайылтууга умтулат. Биз LIFT-TB менен иштеп жатканыбызга кубанабыз жана TB дарт аныктоодогу тажрыйбабызды жакшыртылган TB дарылоону ийгиликтүү киргизүү жана таратууга жумшайбыз”, дейт Доктор Сун Дей Соң, ITRC Кеңешинин Төрагасы.

Бул долбоор TB дарыга туруктуу түрлөрү үчүн жаңы дарылоо схемаларына жеткиге түрткү берет, анын башталышы — жалпысынан BPaL схемасы деп аталган бедаквилин, претоманид жана линезолид. Схема TB Alliance-тын чечүүчү Nix-TB сынагында изилденип, 90% бейтаптарда жагымдуу натыйжа жетишилгени New England Journal of Medicine журналынын 2020-ж. 5-мартында жарыяланган.1 Претоманид, TB Alliance тарабынан BPaL бөлүгү катары иштелип чыккан жаңы химиялык бирдик,Европа Комиссиясы жана Индиянын Дары көзөмөлдөө башкармалыгынын (Drug Controller General) базарга чыгаруу уруксатын алды. Ал дарыга өзгөчө туруктуу TB (XDR-TB) же дарылоого чыдамсыз же жооп бербеген, көп дарыга туруктуу пульмонардык TB (MDR-TB) менен жабыркаган жашы жеткен бейтаптарды дарылоо үчүн BPaL схемасынын бөлүгү катары оралдык таблетка формуласы катары жактырылды.

2019-жылы бүткүл дүйнө боюнча 10 млн киши TB жуктурган, алардын 62%ы Түштүк-Чыгыш жана Батыш Тынч Океан аймактарында болгон.2 Долбоордогу жети бута өлкөдө бүткүл дүйнө калкынын 8%ы гана жашаса да, алар бүткүл дүйнөлүк дарыга туруктуу TB учурларынын 12,5%ын түзөт жана ооруган үч кишиден бирөө гана дарыланат.2

TB тууралуу
TB - аба аркылуу кишиден кишиге тараган жугуштуу оору. TB бардык түрлөрүн дарылардын айкашы менен дарылаш керек; TB дарыга эң сезимтал түрлөрү төрт анти-TB дары менен алты ай дарылоону талап кылат.3 XDR-TB же дарылоого чыдамсыз/жооп бербеген MDR-TB дарылоо башынан эле узак жана татаал болуп келген; көп XDR-TB бейтаптар сегизге чейин жеткен антибиотик айкашы менен 18 ай же андан узак дарыланат.3 Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) эң акыркы маалыматы боюнча, XDR-TB4 үчүн 39% жана MDR-TB үчүн 57% айыгат.2

TB Alliance тууралуу
TB Alliance - TB менен курөшүүгө батыраак аракет эткен жана арзаныраак дары схемаларын табууга умтулган коммерциялык эмес уюм. Жер жүзундөгү өнөктөрүбүз жана инновациялык саясат аркылуу биз дүйнөлүк ден соолук жана жыргалчылыкты алдыга сүрөй турган батыраак, жакшыраак TB дабаларына тең укуктуу жеткини камсыз кылууну көздөйбүз. TB Alliance булардын колдоосу астында иштейт: Австралиянын Тышкы иштер жана Соода Департаменти, Билл жана Мелинда Гейт Фонду, KfW аркылуу Германиянын Федералдык Билим берүү жана Изилдөө Министрлиги, Глобалдык Ден соолук Инновациялык Технология Фонду, Индонезия Ден соолук Фонду, Ирландия Жардамы, (KOICA), Корея Эл аралык Кызматташуу Агенттиги), (Улуу Британия) (Медициналык изилдөө кеңеши, Бириккен Падышалык),(Аллергия жана Жугуштуу Оорулар бонча улуттук институт), (Нидерланд Тышкы Иштер Министрлиги), (MOFA, Корея Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги), United Kingdom Department for International Development (Бириккен Падышалыктын Эл аралык өнүгүү департаменти), (Бириккен Падышалыктын Ден соолук департаменти) жана Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги.

GDEF тууралуу
Корея Республикасынын Global Disease Eradication Fund (Глобалдык Ооруну Жок кылуу Фонду) Учак билетине тилектештик салык системине негизделген, ага ылайык Кореянын аэропортторунан учуп жаткан жүргүнчүлөр өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жугуштуу оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө максатына 1000 Корей вонун төлөшөт. Глобалдык жугуштуу ооруларды жеңүү үчүн бир катар инновациялык өнүмдөрдү иштеп чыгуу, текшерүү жана жеткирүү үчүн GDEF ар түркүн уюмдар менен өнөктөшөт. Тышкы иштер министрлиги GDEF иштетип жана башкарууну Кореянын Эл аралык кызматташуу агенттигине (KOICA) ишенип берген.

KOICA тууралуу
MOFA, Корея Республикасынын Тышкы Иштер Министрлигинин алдындагы Кореянын Эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) КОРЕЯнын алдыңкы өнүгүү кызматташтык агенттиги катары Корея менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдун ортосунда кызматташуу мамилелерин жана өз ара алмашуууну курган жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө экономикалык жана социалдык өнүгүүнү колдогон түркүн долбоорлор аркылуу эл аралык кызматташуудагы алга жылышка салым кошуп келет.

Байланыш:
TB Alliance
Thomas Lynch
646.616.8639
Email: communications@tballiance.org


  1. Conradie F, et al. Дарыга өзгөчө туруктуу, чыдамсыз же жооп бербеген пульмонардык кургак учукту дарылоо үчүн бедаквилин, претоманид жана линезолид. N Eng J Med 2020;382:893-902.

  2. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (БДССУ). Бүткүл дүйнөлүк TB баяндамасы 2020. Мында бар: https://apps.who.int/iris/bitstream/handle/10665/336069/9789240013131-eng.pdf

  3. Антимикробдук Туруктуулукка Сереп. Бүткүл дүйнө боюнча дарыга туруктуу инфекцияларды тейлөө Май, 2016. Мында бар: https://amr-review.org/sites/default/files/160518_Final%20paper_with%20cover.pdf

  4. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (БДССУ). Бүткүл дүйнөлүк TB баяндамасы 2019. Мында бар: https://apps.who.int/iris/bitstream/handle/10665/329368/9789241565714-eng.pdf?ua=1